Кыш келээри менен Бишкекте аба булгана баштайт. Мындай пикирин депутат Эмиль Токтошев Жогорку Кеңештеги ар кандай маселелер саатында билдирди.
«Кыш мезгилинин келээрине бир аз эле убакыт калды. Суук түшөөрү менен жаңы конуштардагы мончо жаккандар, ЖЭБден чыккан түтүн жана Бишкектеги миңдеген машиналар абанын кескин булганышына алып келет. Өкмөт тарабынан буларды текшерип, көзөмөлгө алгандар барбы? Экологиянын бузулушунун алдын алуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?»-деди эл өкүлү.
Мындан тышкары ал дотацияда отурган айыл өкмөттөрдүн көмүрүн өкмөт алып берүүсү керектигин айтты.
Эскерте кетсек акыркы жылдары Бишкектеги абанын булганышына экологдор менен бирге коомчулук тынчсыздануусун билдирип, өкмөттөн чара көрүүнү талап кылышкан. Буга ылайык өткөн жылы премьер-министр тарабынан Бишкектеги абанын табигый ирээтте тазаланып турушун камсыз кылуу максатында борбор калаанын «Асанбай», 12-кичи району тарапка көп кабаттуу үйлөрдү салууга тыюуу салуу боюнча чечим кабыл алынган.