Понедельник, 25 ноября

Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси калп сүйлөйбү?

0

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов кечээ парламентте жалган маалымат берген, бул үчүн ал жумушунан кетиши керек. Бул туурасында “Теңирчилик” диний уюмунун төрагасы Арсланбек Малиев билдирип чыкты.

Айтымында Зайырбек Эргешов “Теңирчилик” диний уюму каттоодон өтүүгө даяр эмес, документтерин тапшырган эмес мындан улам биз аларды каттай албайбыз», — деп жалган маалымат берген.

“Зайырбек Эргешовдун айткандары калп. Себеби каттоодон өтүү боюнча документтер 2012-жылы эле тапшырылган. Учурунда аталган мекеменин ошол кездеги жетекчиси Орозбек Молдалиев калп айтып, документтерди кайтарып бергенбиз деп танып баштаган. Макул деп 2016-жылы кайрадан документти эки экземплярда топтоп, бирин президенттик аппаратка, экинчисин дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жибергенбиз”, -дейт Малиев.

Ошондой эле ал каттоо 20 мүнөттүк убакытты гана алаарын айтып, бирок бул үчүн жогору жактан уруксат берилиши керектигин кошумчалады. Мындан тышкары “Теңирчилер” уюму бул туурасында президентке кайрылуу жолдогонун айтты.

Эскерте кетсек кечээ дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Теңирчилер диний уюмдарынан расмий каттоодон өтүү боюнча кайрылуулар, документтер келип түшпөгөнүн билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз