Вторник, 26 ноября

Өспүрүм кыз-жигит биринин артынан экинчиси өмүрүн кыйды

0

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 9-октябрда 15 жаштагы өспүрүм өз өмүрүнө кол салды. Аталган аймактын ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда баланын ата-энеси эч кимге доосу жоктугун айтып, соттук-медициналык экспертизадан баш тарткан.

ИИБдин билдиришинче баланын денесинен күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери табылган эмес. Териштире келгенде окуя болгон күнү өспүрүм сабак учурунда телефон чукулап отурганын көргөн мугалим телефонун алып койгон. Анын ата-энесин мектепке чакырткан. Сабак аяктагандан кийин бала досуна “Семечканы акыркы жолу чогуу чагалычы”, — деген. Андан кийин эле үйүнө келип, болжол менен саат түшкү экилерде сарайда асынып алган.

Андан 3 күн өткөндөн кийин Таш-Көмүр шаарында да 15 жаштагы кыз өзүн өлтүрүүгө барган. Ал “Апа, мени кечир” деген кат жазып койгон. Кийинчерээк анын Аксыдагы асынып алган бала менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнү маалым болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз