Четверг, 9 мая

2023-жылы айылдардын бардыгы таза суу менен камсыз болот

0

2023-жылдын аягына чейин республиканын аймагындагы бардык айылдар таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Таза суу менен камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары Сайпидин Момунов депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Республика боюнча 584 айылда таза суу жок. Бирок биз учурда каражат табуу максатында донорлорду издеп жатабыз. 2023-жылдын аягына чейин бардык айылдарды таза суу менен толук камсыздап бүтөбүз», -деди Момунов.

Өз кезегинде КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов буга ишене албай турганын билдирди. Ошондой эле, ал Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине донорлор бөлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга чакырды.

«Эгер донорлордун ишеничинен кетсек бизге акчаны ким берет? Алар алып берген техникалар таланып, тонолуп кетсе. Каражаттарды максаттуу, орду орду менен колдонгула да. Эгер алардын ишеничинен чыксак, жанагы сиздер айтып жаткан 584 айыл таза суусу жок калат. Ким берет сууга акчаны?»- дейт Өмүркулов.

Айта кетсек аталган фракция Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткарган иши менен таанышып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз