Воскресенье, 5 мая

Кара-Балтада бензинге биоэтанол кошуу менен экологиялык жактан зыянсыз күйүүчү май өндүрүү демилгеленүүдө.

0

Кара-Балтада бензинге биоэтанол кошуу менен экологиялык жактан зыянсыз күйүүчү май өндүрүү демилгеленүүдө

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Биоотун жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорун жалпы жыйынга КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта биоэкономика доорунда энергияны жана материалдарды кайра жаӊылануучу чийки заттарды пайдаланган биотехнологияга негизделген экономикага кадам ташталууда. Биоэкономиканы өнүктүрүү менен абанын булганышын алдын алууга – парник эффектин жана башка уулуу заттарды чыгаруучу  уулуу газдарды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биотун – термохимиялык же биологиялык ыкма менен биомассадан алына турган катуу, суюк же газ түрүндөгү отун. Бензинге 10% биоэтанолду кошуп пайдалануу менен уулуу заттардын газ болуп сыртка чыгышы 25%га, оксид көмүртегин (СО) 30%га чыгышын, газдарды сыртка чыгарууда катуу бөлүкчөлөрдүн курамын 50%га төмөндөтөт. Аталган газдар айрыкча дем алуу системасында оорусу бар балдар менен кары адамдардын ден соолугу үчүн зыяндуу.

Өкмөттүн алдын ала планы боюнча биоэталонду өндүрүүнү жылына 1,5 млн дал өндүрүш кубаттуулугу менен «Кара-Балта» спирт заводу мамлекеттик ишканасынын базасында ишке киргизүү сунушталууда. Биоэтанолду өндүрүү технологиясынын минималдуу чыгымдар менен, орточо эсеп менен алганда,  140 млн сом өздөштүрүүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумуш орундарын сактап калууга (210 киши), 800 млн сомго өндүрүштү жогорулатууга, 100 млн сомдон ашык сумма салык төлөмдөрүнө түшүүсүнө өбөлгө болот. Бензинди республикага импорттоо 15 миӊ тоннага чейин кыскарат. Кыймылдаткычтардын иштетилген газдарды чыгаруусунда уулуу заттардын төмөндөшүнүнү негизинде экологиялык абал жакшырат.

Мыйзам долбоору тармактык комитетте талкууланганда долбоордо биоотунду бир гана түрү биоэтанол деген түрү менен чектелип калгандыгы айтылып, долбоорго биоотундун биодизель, биогаз, биомазут деген башка түрлөрүнүн түшүнүктөрүн камтуу зарылдыгын максаттуу деп белгиленген.

Ал эми биоэталонду крахмалы бар өсүмдүктөрдөн, маселен, картошка, жүгөрү ж.б. чыгарууга болот. Бул өз кезегинде айыл чарбасына да пайдалуу болуп, азыркы бир кили 5 сомдон сатылып аткан картошка, сабиз, пияздар чирип кетпей, өндүрүшкө колдонулуп, дыйкандардын да мээнети акталат эле. Эми Өкмөт адатынча кашаңдык кылбай, жок дегенде ушул ишти колго алса, өлкөбүздүн экономикасы бир топ жандана түшчүдөй.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз