АКШ Мамлекеттик департаменти башка өлкөлөрдөгү өздөрүнүн элчилерине Түркиянын “Тынчтык булагы” операциясы боюнча америкалык тараптын позициясын билдирген документ жөнөттү.
Документте операция ДЕАШ менен күрөшкө жана Сириянын калкына коркунуч туудураары белгиленген.
Америкалык ММКлар маалымдагандай Мамдеп тарабынан даярдалган документ АКШнын президенти Дональд Трамптын позициясына каршы келет. Андан тышкары Мамдептин кадрдык дипломаттары Трамптын Сириядан аскерлерди чыгарып кетүү чечимине тынчсызданышкан.
Сириянын түндүгүндөгү “Тынчтык булагы” операциясынын жүрүшүндө адам укуктары бузулган жана Түркия тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүшү керек деп эсептейт документтин авторлору. Ошондой эле документте америкалык аскерлер менен катар аймактан гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү да чыгып кетишкени белгиленген. Мындай абалдан улам АКШнын 50 миллион доллар гуманитардык жардамын толук кандуу бөлүштүрүүгө мүмкүн болбой калаары да айтылган.
Түркия менен АКШнын Сирия боюнча келишими
Түрк-америкалык сүйлөшүүлөр Анкарада 18-октябрда жүргүзүлгөн. Анда Евфрат дарыясынан чыгышка кеткен аймагындагы кырдаал боюнча келишимге келишкен.
Түркия 9-октябрдан бери Сириянын түндүк-чыгышында жүрүп жаткан “Тынчтык булагы” терроризмге каршы операциясын беш суткага токтотууга макул болгон. Анкара менен Вашингтондун ортосундагы келишим 13 пунктан турат жана РКК – YPG террористтеринин сириялык канатын Сириянын Түркия менен чектешкен түндүк чек ара райондорунан толугу менен сүрүп чыгаруу каралган. YPG тобунан оор куралдар алынат жана террористтер тарабынан орнотулган бардык аскердик инфраструктура жок кылынат.
Алкагында 700дөн ашуун террористтер жок кылынган “Тынчтык булагы” операциясы согушкерлерди толук чыгаргандан кийин токтотулат.
Вашингтон Анкарага карата бардык санкцияларын жокко чыгарууга милдеттенген.