Суббота, 23 ноября

Анкара 2 млн. качкынды Сириядагы коопсуз аймака кайтарууну пландаштырууда

0

Түркия качкындарды Евфрат дарыясынын чыгыш районуна кайтаруу үчүн коопсуз аймакты түзүү тууралуу чечим кабыл алды — Фуат Октай.

Түркия эки миллионго жакын качкындардын Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймакка кайтып баруусун камсыз кылууну пландаштырууда. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти  Фуат Октай Стамбулдагы Йылдыз Техникалык университетинде сүйлөп жатып билдирди. 

Октай мындан мурдагы “Евфрат калканы” жана “Зайтун бутагы” деп аталган антитеррордук операцияларда өз мекенине ыктыярдуу түрдө 365 миң сириялыктар кайтып барышкандыгын эске салды.

Түркия качкындардын Евфрат дарыясынын чыгышындагы райондорго да кайтып баруусу үчүн коопсуз аймакты түзүүгө толук чечкиндүү экендигин белгиледи Октай. 

“Тынчтык булагы” операциясынын жүрүшүндө террорчулардан 65 калк жашаган айылдар, анын ичинде Талль-Абьяд жана Расулайн шаарлары да тазаланды. Түркия Сириянын террорчулардан тазаланган конуштарын туракжай, электр энергиясы жана ичүүчү таза суу менен бекер камсыз кылып берет. Аларга билим алуу жана медициналык кызматтарды да түзөт. Ошол эле учурда Түркия сириялыктардын ортосунда  этникалык белгиси боюнча бөлбөйт”,- деди Түркиянын вице-президенти.

Түркиянын вице-президенти Сириянын түндүк-чыгышы боюнча түрк-америкалык келишимде көрсөтүлгөн 120 саат өткөндөн кийин  террорчулар “Тынчтык булагы” операциясы жүргүзүлгөн райондордон чыгып кетүүгө тийиш экендигин эске салды. 

Анкарага кылмыштуу уюм үчүн Түркиянын чек арасында мамлекет түзүүнү көздөгөн террорчулардын колдоочулары ким экендиги айдан ачык белгилүү деп айтты Октай.  “Террорчулардын колдоочулары Түркияны сындашууда жана Түркия аны унутпайт. Алар да татыктуу жооп ала турган күн келет”,- деп кошумчалады ал. 

“Анкаранын башка мамлекеттерге аймактык дооматы жок, бирок Түркияга карата терс план түзгөндөр бар. Түркия бул боюнча баардык зарыл чараларды көрөт”,- деп кошумчалады саясатчы.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз