Бюджеттеги каражаттарды үнөмдөө үчүн өкмөт реформа жасашы абзел. Ал үчүн айрым кереги жок министрликтерди, өкмөттүн аймактардагы элчиликтерин жоюшу керек. Мындай пикирин укук коргоочу, экономист жана жарандык активист Рита Карасартова «kyrgyz.news” сайтына интервью берип жатып билдирди.
“Бюджеттин акчасын көпчүлүк бекер келген каражат катары кабыл алат. Бирок ал андай эмес, буга биз олуттуу мамиле кылышыбыз керек. Мисалы мамлекеттик карыздарды төлөөнүн эң жогорку көлөмү 2020-жылга туура келет. Мындан улам биз “кантип чыгымдарды азайтабыз? Бул абалдан кантип чыгабыз?” деп баш катырышыбыз керек. Ал тургай өкмөт, каржы министрлиги кереги жок министрликтерди жоюуга чейин барышы шарт. Бизге губернаторлордун кереги жок. Өкмөт акимдер менен деле иш алып барса болот. Губернаторлор аймактардагы статистикаларды чогулткандан башка иш кылбайт. Ошол эле айыл чарба министрлиги дыйкандарга кандай жардам берип жатат? Фермерлер өздөрү эле тырмалаңдап оокатын өткөрүүдө”,-дейт жарандык активист.
Ошондой эле Карасартова бюджет маселеси боюнча коомдук угууга 120 депутаттын ичинен 3 эле эл өкүлү катышканына нааразычылыгын билдирди.