Понедельник, 20 мая

Министр Исаков баласын 7 сомго тойгуза алабы?

0

Жогорку Кеңеште учурда окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоорунда балдарды ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн бир балага 7 сомдон бөлүнгөн. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бул сумма окуучуну витамин менен камсыз кылууга кенен жетээрин айтууда.

Депутат Улугбек Ормонов 7 сомдук тамак бардыгына таң калганын жашыра албады.
“Билим берүү министрлигинин жана Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын аткаминерлери солдат балтадан сорпо бышырган мультфильмди көргөн окшойт. 7 сомдук түшкү тамак күлкү келтирээрлик нерсе. 7 сомго ашканадан да тамак сатып ала албайсың”, — деди депутат.
Ошондой эле ал министр Исаковго тийишип өттү:

“Билим берүү министри Каныбек Исаков окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун колдойт экен. Муну менен ал өзү жакында чыгарган ата-энерлерден акча чогултпоо жөнүндөгү буйругуна каршы чыгып жатат. Ысык тамакка 7 сом бөлүү айланып келип кайра эле ата-энелердин чөнтөгүнө кол салууну баштайт”, — деди Ормонов.

Айтымында депутат балдарды ысык тамак менен камсыздоого каршы эмес, бирок 7 сом деген сумма аны тынчсыздандырат.

“ Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү 7 сомго ысык тамак келиши мүмкүн эмес! Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын», — деди депутат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз