Суббота, 23 ноября

Аркар-кулжа, теке-эчкилерге аңчылык кылууга тыюу салынат

0

2020-жылдан тартып 2030-жылга чейин Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз жапайы жаныбарларына аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда.
Долбоордун демилгечилеринин бири Экмат Байбакпаев “сейрек кездешчү жапайы жаныбарлар четинен жок болуп жатат, ал эми аларды кайра калыбына келтирүү үчүн ири көлөмдөгү каражат талап кылынат. Бул мыйзамды ишке ашырууга баш-аягы 1 млрд сомго жакын каражат талап кылынат экен. Жандуу жаратылыш менен жапайы жаныбарларды сактап калуу үчүн каражатты аябаш керек, аны бюджеттен же фонддордон караштырса болот”, — деди.

Маалыматка ылайык, ушу тапта өлкө аймагында аӊчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аӊчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар.

Эскерте кетсек парламент азыркы тапта “Жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз