Понедельник, 20 мая

Абылгазиев калькулятор бала менен жоолукту

0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулуктун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон математик бала Арсен Рахымбеков менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда Абылгазиев Арсен Рахымбековду акыркы учурдагы жетишкендиктери менен куттуктаган.
“Сенин жетишкен ийгиликтериң Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунунун интеллектуалдык жактан абдан өнүгүп жатканынан кабар берет. Менталдык арифметика логикалык ой жүгүртүүнү, аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, билимди системага салууга жардам берет. Мугалимдер балдардын болгон дараметин ачыш керек, алардын тилди үйрөнүшүнө туура багыт жана дем бериши абзел», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр Арсендин жетишкендиктери үчүн анын апасы менен мугалимине ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Арсен Рахымбеков башкалардан өзүнүн математикалык жөндөмдүүлүгү боюнча айырмаланып келет. Ал «Россия-1» телеканалындагы «Удивительные люди» теле берүүсүнө катышып, эсептерди калькулятордун жардамысыз тездик менен чыгарып, андагы калыстарды таң калтырган. Арсен кандай гана сан, эсеп болбосун өтө тез эесептейт. Мындан улам ага коомчулукта “калькулятор бала” деген лакап ат коюлуп калганын өзү айтып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз