Среда, 27 ноября

Сахаров атындагы сыйлык уйгур –экономистке ыйгарылды

0

Европарламент Сахаров атындагы сыйлыктын лауреатын жарыялады. Анын бул жолку ээси уйгур улутундагы экономист Ильхам Тохти болду. Сыйлык Тохтиге уйгурлардын укугун коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылды. Бул тууралуу Европарламенттин төрагасы Давид Сасолли билдирди.

Айтымында Сахаров атындагы сыйлыкка Ильхам Тохти Синьцзян-Уйгур автономиялык облусундагы кырдаалга байланыштуу кытай бийлигине ачык сын айтканы үчүн татыктуу деп табылган.

“Бул сыйлык Кытай бийлигине Тохтини бошотууга жана КЭРдери улуттук азчылыктын укугун бузууну токтотууга чакырык болуп эсептелинет. ”

Ильхам Тохти 2014-жылы Кытайда каршылашууну жаратуу, зомбулук жана терроризмди колдоо боюнча айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган.

Швейцария 2016-жылы Тохтиге адам укуктары жаатындагы сыйлыкка татыктуу деп тапкан. 30-августта уйгур-экономистке Вацлав Гавел сыйлыгы ыйгарылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз