Режиссер Ырыс Окенова «Азаттыкка» каршы Бишкек шаардык Ленин райондук сотуна арыз жазды. Мындай маалыматты Журналисттер коому таратты.
Билдирүүдө режиссер «Азаттыктын» кечирим суроосун талап кылып сотко арызданганы бирок азырынча материалдык чыгым төлөтүү жөнүндө сөз болбогону айтылат.
Айта кетсек Окенова буга чейин маалымат жыйын берип Коомдук биринчи каналдан жумуштан кеткенин, буга жетекчинин кысымы себеп болгонун айтып чыккан. Ошондой эле ал КТРКда көрсөтүлгөн «Ак шоола» сериалын тартууга 250 миң АКШ доллары кеткен деп жалган маалымат таркатканы үчүн «Азаттыкты» жана макаланы кыргызчалаган журналист Альбина Сулайманованы сотко берээрин билдирген. Айтымында КТРКнын жетекчиси бул макалага таянуу менен режиссерго бир катар дооматтарды койгон. Бирок Окенова «Ак шоола» сериалына ири суммадагы каражат каралган эмес деп билдирген.