Среда, 27 ноября

Атамбаев дагы эки ай абакта кармалат

0

Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Мындай чечимди аталган сот бүгүн чыгарган.

Белгилүү болгондой соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыктан сот Атамбаевди соттук териштирүү аяктаганга чейин камакта калтырды. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Мыйзам боюнча соттук териштирүүнүн убактысы эки айды түзөт.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу боюнча айыпталып жатат.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 8-августунда укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап келишкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз