Среда, 27 ноября

Саякатчы аткаминер жакыр үй-бүлөлөрдү көмүрсүз калтырганбы?

0

Бишкек мэриясы депутат Гүлнара Молдобаеванын айыптоосуна жооп кайтарды. Эске салсак Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Молдобаева мэриянын социалдык өнүктүрүү Башкармалыгынын жетекчиси Аида Рысбаева Лондондогу конференцияга бюджеттин эсебинен барганын жана аткаминердин саякатынын айынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр үчүн компенсация кечиктирилгенин билдирген.

Мэрия депутаттын айтканын жокко чыгарды. Анда айтылгандай Аида Рысбаева Лондонго бюджеттин эмес, долбоордун эсебинен барып келген.

“Бишкек мэрия Париж декларациясынын катышуучу-шаарларынын конференциясына Аида Рысбаеваны жөнөткөн. Бул документ 2030-жылга карата СПИД эпидемиясын токтотууга чакырат. Ошону менен катар ВИЧ менен жашаган адамдардын ден соолугунун жана жашоосунун деңгээлин көтөрүү каралган. Бишкек — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында декларацияга кол койгон биринчи борбор калаа болду”, — деп билдирди мэриядан.

Белгилей кетсек Бишкек мэриясы декларацияга 10-июлда кошулган.
Ал эми аткаминердин конференцияга барып келүү жол киресин, бардык чыгымын уюштуруучулар көтөргөн.

Ошондой эле мэрия аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө компенсация төлөө кечиктирилбегенин айтат:

“Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жеңилдетилген шартка укуктууларга борбордун административдик району каржылоону 1-августта ачат. Көмүр үчүн акчалай компенсация берүү 30-октябрга чейин аткарылат. Ушул жылдын 5-сентябрында шаардык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясы Аида Рысбаеванын докладынан кийин көмүр үчүн компенсациянын суммасын аныкташкан. Социалдык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыктары төлөмдү 1,5 ай ичинде жүргүзүп башташкан”.
Маалыматка караганда мындай компенсацияны 3819 аз камсыз болгон үй-бүлө жана төрт уюм алат. Жалпы сумма 19,. 3 миллион сомду түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз