Мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев дагы деле аспирантурага кайсы жогорку окуу жайга тапшыраарын чече элек. КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбековдун айтымында Кадырдын Москвадан келгенине эки күн болду. Азырынча аспирантурага тапшыра элек.
Султанбеков белгилегендей Атамбаевдин уулуна Россиянын үч белгилүү жогорку окуу жайларынан сунуш түшкөн. Андан сырткары Ангела Маркель дагы Германиядагы окуу жайлардан билим алууга чакырган.
“Окуу процесси баштала элек болгондуктан Кадыр Атамбаевде ойлонууга дагы убакыт бар”, — дейт Султанбеков.
Эске салсак Кадыр Атамбаев атасы камалгандан кийин бийликке каяша айтып чыккан. Буга дейре коомчулукка белгилүү болбогон мурдагы президенттин уулу атасынын каршылаштарына жасаган билдирүүсүнөн кийин элдин көзүнө урунган.