Эрдоган, социалдык медиа барагы Твиттерден ДЕАШтын корбашчысы Багдадинин жок кылынышы тууралуу маалымат бөлүштү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын террордук уюм ДЕАШтын корбашчысы Багдадинин жок кылынышын кубаттаганын билдирди.
Эрдоган, социалдык медиа барагы Твиттерден ДЕАШтын корбашчысы Багдадинин жок кылынышы тууралуу маалымат бөлүштү.
Президент Эрдоган: «ДЕАШтын корбашчысынын өлтүрүлүшү терроризм менен биргелешип күрөшүүбүздө бурулуш жерди түзүүдө. ДЕАШ, ПКК/ЙПГ жана башка террордук уюмдар менен күрөшүүдө эң оор чыгымга учураган Түркия, бул абалды кубаттады»,-деди.
Эрдогандын билдирүүсүндө шериктештик рухунун алкагында терроризмге каршы чечкиндүү күрөшүүнүн бүткүл адамзатка тынчтык алып келе турганына ишенгенин баса белгиледи.