“Дордой” ассоциациясынын президенти, меценат Аскар Салымбеков Кыргызстанда полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салууну сунуштады. Мындай пикирин ишкер өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.
“Полиэтилен баштыктарды сатылышына аны колдонууга тыюу салыш керек, болбосо биздин Ысык-Көл сазга айланып калат. Биздин берметтин кейиштүү келечеги боюнча мындай бүтүм түштүк кореялык эколог Джон Тэвундун изилдөөлөрүнө таянуу менен айтылууда. Мен анын кабатырлануусун толугу менен колдойм. Анткени чындап эле Чолпон-Ата менен Караколдогу сууну тазалап туруучу заманбап курулуштар жок. Ошондой эле кийинки жылдан тартып полиэтилен баштыктарынын сатылышына, колдонулушуна тыюу салуу боюнча сунушун колдойм. Эрктүү чечимдерди кабыл алууга барыш керек, тагыраагы биринчи кезекте тыюу салуу боюнчу өкмөттүн токтомун чыгаруу зарыл. Мындай кадамдар менен биз берметибизди келечек муун үчүн сактап кала алабыз”,- деп жазган Салымбеков.
Эскерте кетсек полиэтилен баштыктар 200 жылга чейин чирибей жер кыртышына, айлана — чөйрөгө зыян тийгизээрин адистер аныкташкан. Ал эми кытай өндүрүшүндөгү балык уулоочусинтетикалык торлор суу астында 50-100 жылга чейин уу бөлүп чыгарат.