«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев соттон баш коргоо чарасын үй камагынан сыртка чыкпоо шартына которууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн Биринчи май райондук сотунда айтты.
Текебаев сотту эч жакка чыкпайм деп ишендирди.
“Мен өзүмдүн мөөнөтүмдү отуруп чыктым. Эч жакка качып кетпейм. Үй камагынан Чүй облусунан башка жакка бара албай жатам. Менин шайлоочуларым, партиялаштарым башка аймактарга дагы чакырып жатышат. Мындан башка дагы чарбалык иштерим бар. Менин жарандык укугум тебеленим жатат”,-деди Текебаев.
Бул боюнча азырынча соттун чечими белгисиз, анткени сот кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кеткен.
Эскерте кетсек Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 29-августта үй камагына чыккан болчу.