Среда, 27 ноября

Ундун баасы өсүүсүнө эмне себеп болууда?

0

Республика аймагында ундун баасы өтө тездик менен өсүп жатат. Мисалы Жалал-Абад облусунда бир кап ундун баасы 1800 сомго жетип калды. Бул тууралуу «kyrgyz.news» сайтына ун сатуучу соодагерлер билдиришти.

Айтымдарында ундун баасы өлкөнүн түштүк жагында дээрлик 300 сомго чейин көтөрүлүп кеткен.
Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөрү муну Казакстанда буудайдын түшүмүнүн аз болгону менен байланыштырышууда.

Ун сатуучу Жеңиш Кошалиевдин маалымдашынча Бишкекте ундун баасы кымбаттаганы менен нандын наркы өскөн жок. Анткен менен Ош базарындагы айрым тандырчылар нандын баасын көтөрүү боюнча сөз козгоп жатышат.

Адистер ундун баасы октябрь айында 7 пайызга өскөн десе, статистикалык комитет болгону 3 пайызды көрсөтүүдө.

Монополияга каршы агенттиги болсо базардагы ундун баасына кийлигише албай турганын билдирүүдө.
Айта кетсек Казакстан президенти сентябрь айында Кытайды буудай сатып алууга чакырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз