Среда, 27 ноября

Трамп аль-Багдадинин өлтүрүлүшүн чагылдырган видео жүктөйт

0

АКШнын президенти Дональд Трамп ДЕАШ террористтик уюмдун башчысы Абу Бакр аль-Багдадини өлтүрүү операциясын чагылдырган видеосъемканын бир бөлүгүн жарыялаарын убадалады.

Трамптын айтымында Акүйдө учурда видеонун бир катар фрагменттерин коомчулукка жарыялоо мүмкүнчүлүгү каралып жатат. “Биз айрым кадрларды алып жарыялашыбыз ыктымал”, — деди АКШ лидери журналисттерге.

“Укмуштуудай уик-энд. Биз эчак эле кармачу адамды кармадык”, — деп АКШ президенти террористтик уюмдун башчысын жок кылуу боюнча операцияга пикир кошту.

27-октябрда Дональд Трамп ДЕАШ террористтик уюмдун башчысы Абу Бакр аль-Багдади Сириядагы операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөнүн жарыялаган. Айтымында аль-Багдади операция учурунда жер өткөөлгө жашынып калган. “ДНК анализи террористтин өлгөнүн тастыктады. Аль-Багдади белине байлап алган жанкечтинин курун жардырып жиберген, анын кесепетинен үч баласы да кошо көз жумду”, — дейт Трамп.

АКШ лидери белгилегендей жүрүшүндө ДЕАШ башчысы өлтүрүлгөн операция Түркия, Ирак жана Россия менен биргеликте жүргүзүлгөн. Трамп аль-Багдадини жок кылуу боюнча операцияга колдоо көрсөткөнү үчүн Ирак, Түркия жана Россияга ыраазычылык билдирди.
Президенттин айтымында Анкара Идлибдеги операция даярдалып жатканынан кабардар болгон жана АКШга активдүү колдоо көрсөткөн.

Абу Бакр аль-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. Дин илимин окуп, 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган. 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери — халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз