Вторник, 26 ноября

Сулайманов өкмөткө: Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла

0

«Уранды казууга каршы элдер митингге чыгып жатканда силер каякта элеңер? Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла», — деди депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында.
“Экономиканы жакшы түшүнбөй туруп бизге экономиканы үйрөтпөй эле койсоңор. Учурдагы биосфералык аймактар булар “Сары Жаз”, “Каджы -Сай”, “Кызыл Омпол” ал эми “Миң Куш”, “Майлы Суу” буга кирбейт. Бирок бүгүнкү күнү алардын абалы начар. Бүтүндөй дүйнө экология менен күрөшүп жатат. Биз болсо инвесторлорго зыян келет, алар бизди сотко бериши мүмкүн дейсиңер. Элдер 50 жылдан бери ошол калдыктарды сактоочу жайлардын зыянын тартып келет. Силер эмне элдер дагы 50 жыл кыйналсын дейсиңерби? Кыргызстан уранды жаңы технология менен иштетсе болот дейсиңер каяктагы технологияны айтып жатасыңар?” — деди депутат.

Эскерте кетсек учурда парламентте “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып жатат. Долбоор үчүнчү окууда каралып жатканына карабастан жыйында кызуу талкуу орун алууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз