Понедельник, 25 ноября

Парламент депутаттарын ким коркутуп жатат?

0

Парламент мөөнөтүнөн мурда таркабайт. 120 депутаттын бирөөсү дагы азыр мандатын тапшырууга даяр эмес. Бул тууралуу «kyrgyz.news” сайтына депутат Исхак Масалиев билдирди.
“Парламент мөөнөтүнөн мурда таркабайт. 120 депутаттын бирөөсүнүн дагы «мен мандат тапшырууга даярмын» дегенин уккан жокмун. Баарынан сурап чыктым. Бул сөздүн биринчи максаты парламент депутаттарын коркутуу. Экинчиден элге жагымдуу сөз болуп жаткандыктан аны журналисттер силер таркатып жатасыңар. Журналисттерге болсо бизден тарады”,-дейт Масалиев.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңешти азыр таркатуунун кажети жок экенин, анткени партиялар бүгүнкү күнү шайлоого даяр эместигин билдирди.
“Кандай болот, эмне менен бүтөт айтыш кыйын. Бирок саясий коомчулукта бардыгы өз мөөнөтү менен болгон жакшы. 2020-жылга чейин бир жыл калды. 3 айдан кийин Жогорку Кеңеште жумуш токтойт. Кийинки жылы майдан баштап даярдыктар башталат”,-деди.
Эскерте кетсек социалдык тармакта учурда иштеп жаткан парламенттин тарай турганы, буга бийлик өзү кызыкдар экен деген пикирлер байма бай айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз