7-8-августта Кой- Таш айылындагы окуяда каза болгон УКМК кызматкеринин балдарына Атамбаевдин конфискацияланган мүлктөрүнүн эсебинен үй берүү сунушталды. Мындай демилгени депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты.
Айтымында Үсөн Ниязбековдун артында 6 баласы калган. Бирок буга чейин ММКда анын артында 2 баласы калганы жазылган.
“7-8-августтагы Кой- Таш айылындагы окуяда каза болгон УКМК кызматкери Үсөн Ниязбеков Ноокат районундагы Кулатов айылында туулган. Кой -Ташта Үсөн Ниязбековго ок тийип ал 47 жашында каза болду. Анын артында 6 баласы калган бирок, массалык маалымат каражаттары анын 2 баласы бар экенин жазышкан. Мамлекет тарабынан 2 баласына жардам берилип жатат. Бирок анын дагы 4 баласына көңүл бурулбай калды”,-деди Мавлянова.
Ошондой эле депутат Ноокаттыктар мурдагы президент болсо дагы тынч күнү колуна курал алып ок чыгарганы туура эместигин айтып жатышкандарын айтып, күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылып жатышканын белгиледи.
“Алты баланы атасыз калтырып, энесин боздоткондор жооп берсин. Ошондой эле конфискацияланган мүлктөрүнүн эсебинен 6 баланы турак жай менен камсыздоону караш керек жана мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан жардамды 2 баласына эле эмес 6 баласына берүү кажет”,-деди.
Эскерте кетсек Үсөн Ниязбеков 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү операциясында кызматын өтөө маалында каза болгон. «Альфа» атайын топтун жетекчисинин орун басары, полковник Үсөн Ниязбеков 9-августта жерге берилген.