Мындай ФАП бир гана Кыргызстанда болушу мүмкүн. Сыртта 21-кылым, алыскы турмак жакынкы өлкөлөр технологиянын ылдамдыгына удаалаш алдыга жылууда. А бирок так ушундай заманда Таластагы ФАПтын жүрөк түшүргөн сүрөттөрү интернетке жарыяланды.
Фейсбуктагы колдонуучулардын бири жарыялаган сүрөттөр коомчулуктун эсин оодарды десек аша чапкандык эмес. “Талас облусундагы ФАП. 21-кылым. Сиздерден жаңы фото күтөбүз” деген белгисиз колдонуучу. Сүрөттөрдүн алдына жазылган комментарийлерге караганда мындай ФАП Кыргызстанда жалгыз эмес. “Эгизи” Ош облусунда да бар.