Парламент депутаттары кийинки аптада жер-жерлерди кыдырып шайлоочулар менен жолугушмай болду. Мындай чечим бүгүн кабыл алынды.
Депутат Мирлан Бакиров 4-11-ноябрга чейин депутаттар элдер менен жолугуп, жеринде иш алып баралы деген сунуш киргизди. Бакировдун демилгеси колдоо таап ноябрдын алгачкы күндөрү эл өкүлдөрүнүн аймактарда шайлоочулар менен жолугушуусу боюнча токтом кабыл алынды.
Айта кетсек 4-11-ноябрга чейин кыргызстандыктар беш күн удаа эс алышат. Маалыматка ылайык 7-11-ноябрь күндөрү эс алуу болот.