Понедельник, 25 ноября

Экономикалык кылмыштар менен биргеликте күрөшүү керекпи?

0

Кыргызстан ШКУга экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча бөлүм ачууну сунуштады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстанда өтүп жаткан ШКУ мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын катышуусундагы саммитте айтты.
Өкмөт башчы экономикалык кылмыштар улуттар аралык мүнөзгө ээ экенин белгиледи.

“Алар баңгизат сатуу, контрабанда жана легалсыз кирешелер сыяктуу башка кылмыштар менен тыкыр байланышта жана мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч туудурушат”, — деди Абылгазиев.

Айтымында 2001-жылы Кыргызстан ШКУга кошулуу чечимин кабыл алганда уюмдун башка мүчөлөрү сыяктуу эле өзүнө чоң жоопкерчилик жүктөгөн.

“Биздин жолугушуу дүйнөлүк экономиканы жана дүйнөлүк тилектештикти өнүктүрүүнүн оңой эмес шартында өтүп жатат. Көздөгөн максатыбызга жетүүдө кыйынчылыктарды аракетибизди бириктирип гана жеңе алабыз. Шанхай кызматташтык уюму дүйнөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун ишенимдүү символу болооруна ишенем”, — деди өкмөт башчы.

Эске салсак Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү бир катар маанилүү маселелер белгиленген.
Тар жана кеңири курамда өтө турган жыйындын жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюу пландалган.

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. 2001-жылы 15-июнда Шанхайда (Кытай Эл Республикасы) Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы тарабынан негизделген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз