Суббота, 27 апреля

Стамбулда 8 кабаттуу үй урап түштү

0

Стамбулда 8 кабаттуу үй урап түштү

Түркиянын Стамбул шаарында 8 кабаттуу үй урап түшүп, анын кесепетинен бир киши каза болуп, 4 киши дагы деле урандынын алдында калууда.

Бул тууралуу Sputnik  агенттиги NTV телеканалына шилтеме берип жазды. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Окуя болгон жерге тез жардам унаалары, өрт өчүрүүчүлөр, полиция күчтөрү жана куткаруучулар келди. Азыркы учурда урандылардын алдында дагы адамдар болушу ыктымал деп болжолдонуп, издөө иштери улантылууда.

РИА Новости агенттиги маалымдагандай, Жевизли кварталынын башчысы Мемиш Диликлиташ урандынын алдында ондогон кишилер болушу ыктымал экенин билдирди. Ал ураган үйдүн жертөлөсүндө ателье жайгашканын жана  анда 25 киши иштегенин, ошондой эле үйдө 24 батир болгонун NTV телеканалынын эфиринде билдирди.

Бул  имарат урар алдында жарылуу болбогонун кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз