Кийинки жылдан тартып машиналарга болгон жеңилдетилген бажы салымдарынын мөөнөтү соңуна чыгып, унаалардын баасы кескин кымбаттайт. Мындан бюджетке ири суммадагы каражат түшпөй калуу коркунучу бар. Бул туурасында “kyrgyz.news” сайтына жеке ишкер Эргеш Мадалиев билдирди.
“2020-жылдан тартып иштей турган бажы биримдигиндеги жеңилдетилген салымдардын алынып салынышынын пайдасынан зыяны көп. Мисалы 2014-жылды ала турган болсок Кыргызстанга 106 миң унаа криген, ал эми 2015-жылы бажы уюмунун жаңы эрежелери киргенден кийин болгону 2282 машина келген. 2016-2017-жылдардагы көрсөткүчтөр мындан дагы жаман болгон. Бул жылдар аралыгында өлкөгө 137 машина киргизилген. Буга ылайык бажы төлөмдөрү дагы болбогон акчаны, 6 миллионго чукул каражатты түзгөн. Бирок 2018-жылдын июль айынан 31-декабрга чейин бажы төлөмдөн түшкөн каражат 680 миллион сом болсо, 2019-жылдын 1-январынан тартып 31-сентябрга чейин ал 1 миллиард 792 миллион сомго чыккан. Бул бир эле экономикалык жактан пайда алып келбестен ошондой эле жарандардын автопаркын жаңыртууга, экологиялык абалды жакшыртууга салым кошкон. Мындан тышкары бажы биримдигине кирген 5 жылдын ичиндеги шарттан биз болгону бир жарым жылын колдоно алдык. Себеби ортодогу үч жарым жылды биз жөн эле жоготуп алдык. Эми өкмөттөн ушул убакытты кайтарып берүүсүн суранып жатабыз”.
Ошондой эле машина ташыгандар бул көйгөйгө экономика министрлиги көңүл кош мамиле жасап жатканына нааразы болушууда. Айтымдарында аталган мекеме жетекчилери автодиллерлерге үмүтүңөрдү үзгүлө, эми жеңилдиктер болбойт деп жооп беришкен.