Депутат Исхак Масалиев парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык барьерди 3 чейин түшүрүү боюнча долбоорун чакыртып алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине эл өкүлү билдирген.
Маалымдалгандай Масалиев мындай чечимге башка кесиптештери менен сүйлөшкөндөн кийин келген. Пикиринде 5 пайыздык босого чек туура болот.
“Ооба мен босого пайыздын 3кө түшүшүн колдогом. Менин бул сунушумду Өмүрбек Текебаев жана Адахан Мадумаров колдогон. Тажрыйбалуу саясатчылар 3 пайыз эң эле оптималдуу шарт экенин түшүнүп турушат. Бирок алар Жогорку Кеңеште эмес жана добуш бере алышпайт”, — дейт Масалиев.
Ошондой эле эл өкүлү депутаттардын басымдуусу 9 пайыздык барьерди түшүрүүнү колдошоорун кошумчалаган.
Айта кетсек парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык босого чек коомчулукта катуу талкууга алынып, учурда иштеп жаткан депутаттардын дарегине кескин сындар айтылып жаткан. Мындан улам өткөн аптада бир топ депутаттар бул көрсөткүчту түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан болчу.