Ирактын түштүгүндөгү Зикар провинциясындагы өкмөткө каршы акциялардын катышуучулары парламенттин үч депутатынын үйүнө өрт коюшту.
Ирактын коопсуздук күчүндөгү өздүк булактар кабарлашкандай митингчилер депутаттар Нажи-эс-Саиди (“Саирун” коалициясынан), Муна эль-Гураби (“Эль-Фатих” коалициясынан) жана Зейнеп эль-Хакрежинин үйүн өрттөп жиберишкен. Өрт убагында өчүрүлгөндүктөн эч ким жабыркаган эмес.
Иракта өкмөткө каршы акциялар уланууда. Бийлик Багдад жана Эн-Насирия (Зикар провинциясы), Эль-Амара (Майсан провинциясы) жана Эль-Хилла (Бабиль провинциясы) шаарларына комендаттк саат киргизди.
Ирактагы массалык башаламандык 1-октябрда мусулман-шииттер басымдуулук кылган райондордо башталган.