10- ноябрь күнү борбордо жайгашкан Ататүрк сейил багында Мустафа Кемал Ататүрктү эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Эскерүүгө Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Себахаттин Балжы , проректор Асылбек Кулмарзаев, шаар тургундары жана студенттер катышты.