Дейр-эз-Зордун түндүк бөлүгү Башар Асаддын режиминин көзөмөлүндө турат. Ал эми провинциянын кен байлыктары жайгашкан чыгыш тарабы YPG/PKK террористтик уюмунун оккупациясында.
Израиль Сириядагы күрдстанды түптөө долбоорун сүрөмөлөөдө. Бул өлкө сириялык күрддөргө “кандай колдоо болбосун” көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады.
Еврей мамлекети сириялык күрддөргө жардам берип келатат жана келечекте да жардамдашууну уланта берет. Бул тууралуу израилдик ТИМдин башчысынын орун басары Ципи Хотовели билдирди.
“Израилге дипломатиялык жана гуманитардык маселелерди чечүү боюнча жардам сурап кайрылгандар көп болгон. Биз аларга (сириялык күрддөргө) ар кайсы каналдар аркылуу колдоо көрсөтүүдөбүз”, — деген Хотовели. Аны The Jerusalem Post басылмасы жазып чыкты.
Министрдин орун басары мындай билдирүүнү Кнессета жыйынында жасаган. Айтымында Израилдин күрддөргө болгон колдоосу “тарыхый байланышка жана жалпы кызыкчылыкка” негизделген.
Буга дейре Израилдин коргонуу Аскеринин он чакты запастагы офицери Сириядагы түрк баскынчылыгынан жапа тарткан күрд калкына жардам көрсөтүүгө мамлекет жетекчилигин чакырган петицияга кол коюшкан.