Аткаруу бийлиги жеңилдетилген тариф менен башка мамлекеттен машина ташуу мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Бул туурасында экономика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык өкмөт мындай сунушту 19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Москвада өтө турган жыйынында айтат. Анда уюмга кирген бардык мамлекеттердин мүчөлөрү катышып чечим бир добуштан кабыл алынышы шарт.
Эскерте кетсек, келерки жылдын 1-январынан тарта дээрлик 166 товардык номинация боюнча баалар кымбаттайт. Буга унаа дагы кирээри айтылып анын наркы 11 эсеге чейин көтөрүлөөрү маалымдалган.
Өткөн аптада кыргызстандагы автодиллерлер чогулуп аткаруу бийлигине нааразычылыгын билдиришкен. Айтымдарында биз менен эле бир учурда бажыга мүчө болгон Армения мамлекети бул жеңилдиктердин мөөнөтүн узартып алган. Ошондой эле алар бул шарттарды үч жарым жылдан бери колдонуп келет. Мындан улам унаа ташыган ишкерлер өкмөттөн бажы салыгынын жеңилдиктеринин убактысын дагы бир үч жарым жылга чейин узартууну суранышкан.