Вторник, 26 ноября

Кой-Ташта асынып алган аскердин сырдуу өлүмү

0

Чүй облусуна караштуу Кой-Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган 1990-жылы туулган Т.С. аттуу офицер асынып калган. Буга анын процентке алган карызы себеп болушу ыктымал. Мындай маалыматты “kyrgyz.news” интернет сайтына Акыйкатчы институтунун аскер кызматкерлеринин укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак уулу Замирбек билдирди.

Айтымында окуя 9 — октябрдан 10 –ноябрга караган түнү болгон. 29 жаштагы жигит аскер бөлүктүн ичиндеги жатакананын биринчи кабатында үй- бүлөсү менен жашап келген. Болжолу ал түнкү саат 12лер чамасында асынып алган. Анын денесин эртең менен кошунасы эшикке чыгып баратып көргөн.

“Каза болгон аскер кызматкеринин артында үч баласы калды. Ал Ысык -Көл облусунун тургуну. Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөгөнү 2019-жылдын июль айында келген. 2007- 2010-жылдары аскер институтун бүтүргөн. 2011-жылдан 2017-жылга чейин Баткен областында, андан кийин 2017-2019-жылдары Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө кызмат кылган. Кой-Ташка которулуп келгенде капитан наамында болгон, ал эми август айында майор наамын алган. Бул боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Медициналык экспертиза жүргүзүлгөн, бизге берилген маалыматка ылайык анын карызы болушу мүмкүн. Анын өлүмүндө кызматына байланыштуу нерселер табылган эмес”,-деди ал.

Эскерте кетсек, окуя орун алган аскер бөлүгү Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына карайт. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ишти Аскер прокуратурасы иликтеп баштаганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз