Четверг, 19 сентября

БУУ: Журналист Ж. Хашоггини өлтүрүү Сауд Аравиянын расмий адамдары тарабынан пландаштырылган

0

Саудиялык журналист Жамал Хашогги Сауд Аравиянын расмий адамдары тарабынан пландаштырылган ырайымсыз атайылап өлтүрүүнүн курмандыгы болгонун Бириккен Улуттар Уюмунун соттон тышкаркы өлүм жазалар маселеси боюнча атайын баяндамачысы Аньес Калламар билдирди.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Аньес Калламар Хашоггини өлтүрүү сауд аткаминерлеринин буйругу менен ишке ашырылганын эл аралык иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгындагы далилдер көрсөтүп турганын 7-февралда Түркияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында билдирди. Ал ошондой эле Сауд Аравия Түркиянын Хашоггинин иши боюча көз карандысыз жана ачык-айкын иликтөө жүргүзүү аракетине тоскоолдук жарытып жатканын билдирди.

“Тилекке каршы, түркиялык тергөөчүлөрдүн кылмыш болгон жерде профессионалдык жана эффективдүү текшерүү жүргүзүүсүнө жетиштүү убакыт жана мүмкүндүк берилген эмес”, — деди  Калламар.

Анын айтымында, Түркиянын расмий адамдары Хашоггинин иши менен байланышкан далилдерди, анын ичинде аудио файлдарды БУУнун тергөө комитетинин карамагына өткөрүп берген. Аньес Калламар өткөн аптада эксперттер тобу менен Хашоггинин өлүмүн иликтөө үчүн Түркияга барган. Ал Хашоггинин өлүмү боюнча тергөө ишинин акыркы жыйынтыгы июнь айында чыгарыларын билдирген.

Белгилей кетсек, сауд режимин ачык сындаган саудиялык журналист  Жамал Хашогги мындан бир жыл мурда Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын саясатын ачык сындаганы үчүн өз мекенинен кетүүгө аргасыз болгон. Ал 2018-жылдын 2-октябрында Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Эр-Рияд алгач  журналист консулдуктун имаратынан чыгып кеткенин билдирген. Бирок кайрадан 20-октябрда коомдук кысымдын күчөп жатканынан улам Хашоггинин өлүмүн моюнга алып, ал консулдуктун имаратында мушташтан улам каза болгонун ырастаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз