Воскресенье, 22 сентября

«Мисс Беларус-2018» сынагынын жеңүүчүсү менен Лукашенконун мамилеси

0

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен «Мисс Беларус – 2018» сынагынын жеңүүчүсүнүн ортосундагы мамилеси тууралуу The Times гезити жазып чыкты. Анда белгиленгендей жеңүүчү 22 жаштагы Мария Василевич үч күн мурда парламенттин төмөнкү палатасына эң жаш депутат болуп шайланган.

Гезит Василевич былтыр май айында сулуулар сынагын жеңгенден бери 65 жаштагы Лукашенко аны такай жандап жүрөөрүн жазган. Экөө бир катар фестивалдарга, хоккей оюндарына жана Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына чогуу барган. Президент аны маданиятка жана кайрымдуулук иштерине кошкон салымы үчүн медаль менен сыйлаган. Ошондой эле Василевич сулуулардын дүйнөлүк сынагына катышканы жатканда анын даярдыгын Лукашенко жеке өзү көзөмөлдөгөн. Ал сынакта беларус сулуусу үчүнчү орунду алган.

Гезиттин макаласында Василевичтин саясий тажрыйбасы жок экени, ал парламентте жаштардын маселелерин көтөрө тургандыгы белгиленген.

«Европадагы акыркы диктатор» деген каймана атка конгон Лукашенко Беларусияны 25 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко 1975-жылы үйлөнгөн, бирок өлкө башчысы болгондон бери коомчулук жубайы экөөнү чогуу көрүшкөн эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз