Понедельник, 23 сентября

Өкмөт унаа ташыуудагы жеңилдиктерди камсыз кыла алган жок

0

Евразия экономикалык Биримдиги уюму Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүн колдогон жок. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Айта кетсек кечээ Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны өткөн. Жыйында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнүчүн келтирген. Бирок муну башкалар колдогон эмес.

Эми 2020-жылдын 1-январынан тартып сырттан ташылып келген унаалардын бажы төлөмдөрү дээрлик 11 эсеге кымбаттайт. Жаңы тарифтерге ылайык, автоунаанын чыгарылган жылы жети жылдан көп болсо, анын бажы төлөмү ошого жараша кымбат болот.

Буга чейин автодиллерлер унааларга чек арадан алынуучу акчаны жеңилдетилген эреже менен алуу мөөнөтүн дагы үч жарым жылга узартып берүүнү өкмөттөн суранышкан.

Бул маселе ЖК дагы бир канча ирет көтөрүлгөн. Анда келерки жылдан тартып 166 товардык номинацияга баалар өсөөрү айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз