Пятница, 26 апреля

Депутат болуш үчүн жогорку билим талап кылынбайт

0

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жогорку билими болушу шарт эмес. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңеште билдирди.

Бүгүн парламентте жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи депутат Акылбек Жапаровдун айтымында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сөзсүз жогорку билими болушу керек. Бул мыйзам менен бекитилген. Бирок бул эрежеге депутаттардын басымдуусу каршы чыгышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан шайлдабекова болсо мындай сунуш болгонун бирок ал колдоо таппаганын билдирди.

“Чындыгында эле жергиликтүү кеңештин депутаты болуп жогорку билимдүүлөр гана шайланышы керек деген сунуш болгон. Бирок талкуудан кийин «жалпы орто билимден төмөн эмес» деген норманы киргизгенбиз. Жогорку билим боюнча сунуш өткөн эмес”,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз