Среда, 29 апреля

Кыргызстан менен Түркия эки тараптуу инвестициянын мүмкүнчүлүгүн баалашат

0

Түркия менен Кыргызстан экономикалык мамилелердин аспектисин кеңири талкуулайт жана өздөрүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүгүн баалашат.

Анкарада 21-22-ноябрда Түркиянын вице-президенти Фаут Октайдын жана Кыргызстандын өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун катышуусундагы биргелешкен экономикалык комиссиянын жыйыны жана бизнес-форум өтөт.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамиле көптөгөн тармакка инвестициянын болуусун шарттайт, анын катарында кен байлыктарын казуу, инфраструктура, турак-жай курулушу, азык-түлүк жана туризм боюнча.

“Анадолу” агенттиги Түркиянын Соода министрлиги жана статистика Институтуна шилтеме берүү менен Кыргызстанда айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү, кызмат көрсөтүү, курулуш, энергетика жана транспорт жаатында байкалаарлык өнүгүү болгонун жазды.

Түркия менен Кыргызстандын мамилесинин тарыхы терең. Кыргызстанда 300 түрк компаниялары иштешет, мында инвестиция 250 миллион доллардан ашат.

Кыргызстанда түрк капиталына ээ компаниялар азык-түлүк, эмерек, тазалоо каражаттары, боек жана курулуш материалдары, соода борборлорун башкаруу, банк иштери, текстиль, полиграфия, туризм, билим берүү жана курулуш тармактарында иштешет.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2014-жылы 487 миллиондой долларды түзгөн, 2015-жылы – 371 миллион, 2016- 409 миллион, 2017- 487 миллионго жакын, 2018-жылы 424 миллион долларга жеткен.

Мындай көрүнүштө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2014-2018-жылдары дээрлик 2,2 миллион долларды түздү.

Кыргызстан – Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулган алгачкы мамлекеттердин бири. Кыргызстанда соодада басымды өлкөнүн аймактарына жасашат. Өлкө эгемендүүлүккө жеткенден кийин 1991-жылы Түркия менен бир катар соода-экономикалык багытындагы келишимдерге жана протоколдорго кол койгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз