Суббота, 23 ноября

Декларация-2018. Матраимов биз ойлогондой бай эмес экен

0

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 2018-жылы 901 миң 377 сом иштеп тапкан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын 2018-жылга болгон декларациялык кампаниясынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Депутат Матраимов киреше тапканы менен эч кандай чыгаша чыгарган эмес. Айлыгынан башка киреше булактары да жок. Кыймылсыз мүлктөн 214 чарчы метр аянттагы жер тилкеси жана бир турак-жайы бар. Бирдиктүү декларацияга ошондой эле байлыгы катары эмеректерин, фото, аудио, видеотехникаларын, компьютерлерин, оргтехникасын жана 5 миллион сомдук жылкыларын көрсөткөн.

Декларациядан Искендер Матраимовго караганда анын жакындары көп киреше табышаары маалым болду. Анын үй-бүлөсүнүн кирешеси бир жылда 4 миллион 5 миң сомго жеткен, чыгашасы андан көп – 4 миллион 80 миң сом. Жакындары “АвтоСТОлица” ЖЧКсынын 50 пайыз үлүшүнө ээ. Батири, айыл чарба багытындагы жана капиталдык курулуштагы жерлери бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз