Среда, 29 апреля

Хабибулла Абдукадырды Жээнбековдун инаугурациясына Атамбаев чакырганбы?

0

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбековдун “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү башкы фигурант катары айтылган Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы тууралуу билдирүү таратты.
Анда Стамалиева төмөнкүлөрдү билдирген:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 2-ноябрындагы ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева С. Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы тууралуу суроо берип, жооп алган.

Кийин биз кененирээк комментарий берип, анда белгиленгендей, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген Инвестициялык форум болгон.

Ага 300дөн ашык адам катышкан. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Россия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келишкен.

Ош областы экономикалык, гуманитардык кызматташуусун тереңдетүү максатында жакынкы өлкөлөрдүн облустары менен байланыштарды чыңдаган. Алардын катарында КЭР Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областы менен достук мамиле түзгөн.

Жогоруда аталган 2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Х. Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан.

Форумдан кийин С. Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти А.Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу А.Атамбаев жана С. Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын А.Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес.

Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул А.Атамбаевдин президент болуп турган маалы.

Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган.

Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы Мамлекет башчысы кабыл алган эмес.

Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө А.Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө.

Ар кандай күчтөр президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз.

Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз.

Андай байланыштары болсо иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек.

Эскерте кетсек “Азаттыктын” «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөсүндө президент Сооронбай Жээнбековдун дагы аты аталган. Бүгүн интернетке президенттин 2017-жылдагы инаугурациясынан тартылып алынган сүрөт жарыяланып, анда Хабибула Абдукадыр ардактуу коноктор отура турган жайда отурганы белгиленген. Бул коомчулукта бүшүркөө ойлорду пайда кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз