Бишкекте «Билим Next» билим берүү форуму өтүп жатат.
Форумдун негизги темасы – билим берүүнүн келечеги, башкаруунун заманбап ыкмалары, ошондой эле мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгү.
Иш-чараны Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы уюштурууда.
Форумга жеке менчик бала бакчалардын, мектептердин жана билим берүү борборлорунун жетекчилери, ишкерлер, билим берүү тармагынын эксперттери жана кесиптик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле иш-чарага Агартуу министрлигинин, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жана Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү да катышууда.
Белгилей кетсек, «Билим Next» форуму кесиптик пикир алмашуу, тажрыйба бөлүшүү жана Кыргызстандагы билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган практикалык чечимдерди издөө аянтчасы болуп саналат.
