Жакынкы айларда Россияда банк лицензияларын кайтарып алуу ыргагы күчөйт. Алдыдагы 12 ай ичинде тазалоо 45тен кем эмес насыя берүүчү уюмдарды камтыйт. Мындай божомолго “Эксперт РА” рейтингдик агенттигинин адистери келишти. Алардын баалоосуна караганда көйгөлүү банктардын саны көп, рыноктун 20%дай оюнчусу учурда чыгашалуу болуп турат. Тагыраак айтканда 50 чакты банк банкротко учурашы ыктымал. Эксперттер жарандарды каражаттарын сактаган банктар тууралуу маалыматтардан такай кабардар болуп турууга жана каражаттарын бир банкка салбай, ар башка банкка бөлүп сактоого чакырат.
Ошол эле учурда айрым аналитиктер жакындап келаткан банкрот – толкунуна ишенишпейт.
2019-жылдын соңу 2020-жылдын башталышында Россиянын банк тармагындща банктардын лицензияларын кайтарып алуу темпи жогорулат, ошондуктан бул жылы күтүлгөн дефолт кийинки жылга калтырылат.
Эске салсак жайдын башталышында Борбордук банктын башчысы Эльвира Набиуллина Мамдумада банк секторун көзөмөлдөө сапаты жогорулагандыктан рынокту тазалоо процесси жакын арада аягына чыгаарын билдирген.