“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кытай жараны Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу депутат өзүнүн Фейсбуктагы расмий баракчасында жазды.
“Урматтуу мекендештер, Кытай жараны Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым. Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем.
Ошондуктан коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгууну туура деп чечтим.
Комиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Комиссиянын ишинин жүрүшү ачык болот деп ишенем”,- деп жазылат билдирүүдө.
Айта кетсек өткөн апта соңунда Жогорку Кеңеш Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүү чечимин кабыл алган. Анын курамына Алтынбек Сулайманов, Искендер Матраимов, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров жана башка депутаттар кирген. Комиссиянын курамындагы айрым эл өкүлдөрүнүн дарегине нааразы пикирлер айтылган. Мындан улам Искендер Матраимов да комиссиянын курамынан чыккан болчу.