Бек Борбиев бүгүнкү митингге чыккандарды сындап Фейсбук баракчасына пикирин жазды.
Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:
“ 700 миллионго мынча завод, баланча ишкана курмакпыз дейт бүгүнкү акцияда… Күйгөнүңдөн күлөсүң.. Ал акча биздин, мамлекеттин акчасы эмес! Орто Азиядагы базарчы жеке ишкерлердин каражаты. Түшүнүп анан кыйкыралы достор… Же атайын элди адаштыруу максатпы? Кимдин максаты?
Жеке ишкер уйгур байларынын теневой банк менен иштеген системасын «иликтеп» алып биздин өлкөнүн акчасы деп бурмалап, коогалаң жараткысы келип жаткан күчтөрдү көрүп жакаңды кармайсың. Кыргыз элин караңгы деп эсептеп, чабыштырып коюп карап отуралы дегендерге жол бербешибиз керек. Маалымат согушунда “Азаттык” калпы менен жеңип, киши өлтүргөн Ашаны (мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди айтып жатышы мүмкүн — ред.) аппак кылып жатат. Ошондой эле фейсбуктагы трайбалисттер дагы акцияга аралашып жүргөнүн көрдүм. Бул өкүнүчтүү.
Мамлекет барбы өзү бизде? Бар болсо түшүндүрүү иштерин тез арада өткөрүш керек!
Ал миллиондор өзбек, тажик, кыргыз, уйгур, кытай базарчыларынын каражаты экенин, Ашанын адам өлтүргөн айыбын элге айтуусу зарыл. Соцтармактагы ачыктан ачык трайбалисттик чакырууларды жазган фейктерге чара колдонгула! Болбосо өлкөнү дагы өрттөп алып кийин бекер кылыптырбыз деп өкүнүп отуруп калбайлы. Мындай апендичиликти кылганбыз, билебиз”.
Эскерте кетсек Бек Борбуев буга чейин дагы Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча журналисттик иликтөөгө пикир айтып социалдык тармактагы айрымдардын сынына кабылган.