Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.
Айтымында саммит 28-ноябрга белгиленген жана кыргыз тарап жогорку деңгээлдеги жыйынды өткөрүүгө акыркы даярдыктарды көрүп жатат.
«Сессияда ЖККУнун алкагында эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселеси боюнча пикир алмашуу болот. Күн тартибинде 21 маселе каралат. ЖККУ саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат».
Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен сессиянын ишине Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедевдин катышуусу күтүлүүдө.
Андан тышкары саммиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун бардык өлкө лидерлери менен эки тараптуу жолугушуусу пландалууда.