Пятница, 22 ноября

Грузиянын оппозиционерлери шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышууда

0

Тбилисиде парламент имаратынын алдында оппозициячыл маанайдагы жарандардын митинги өтүп жатат. Ага катышкан миңдеген адам мажоритардык-пропорционалдык системадан баш тартып, 2020-жылкы парламенттик шайлоону партиялык тизме менен гана өткөрүүнү талап кылышты.

Буга дейре шайлоо системасын өзгөртө турган мыйзам долбоору сунушталып бирок ал кабыл алынган эмес. Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын башкы катчысы Кахи Каладзе 25-ноябрда парламент шайлоо системасын кайрадан карабай турганын айткан.

Бирдиктүү оппозиция лидерлери миллиардер Бидзин Иванишвилинин «Грузин кыялы» партиясы мунасага келүүдөн баш тарткандыктан, демонстранттар шейшемби күнү парламент имаратынын кире беришин кайрадан тосуп алып, пленардык сессия өткөрүүгө мүмкүндүк бербей тургандыктарын айтышты.

18-ноябрда демонстранттар парламент имаратын курчап алып, мыйзам чыгаруу органынын ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Бирок көп өтпөй ИИМ аларды кууп таратып, 37 адамды кармаган.
Учурда Грузияда аралаш шайлоо системасы колдонулат. Парламенттеги 150 депутаттын 77си пропорционалдык, калганы мажоритардык система менен шайланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз