Пятница, 17 мая

Кытайдагы “кайра тарбиялоо лагерлери” кантип тарбиялайт? (видео)

0

Жакында Кытайдагы Шинжаң-уйгур автономиялык районундагы кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу жашыруун документ табылып, ал 24-ноябрда коомчулукка жарыяланган. Документтерден лагерлердеги 3 миллионго жакын аз улуттун өкүлдөрүнүн кармалган шарттарын билүүгө болот.

Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму менен дүйнөдөгү 17 маалымат каражатынын биргелешкен иликтөөсүндө мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылган.

Документке ылайык лагерлердеги тартипти Шинжаңдын коопсуздук кызматынын жетекчиси өзү түздөн-түз көзөмөлдөйт, кармалгандардын чачтары кыркылып-кыркылбаганына, эшиктер жабылып-жабылбаганына чейин байкаштырат.

Бээжин бул лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап, Шинжаңдагы чараларды чөлкөмдө коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүргөн.

16-ноябрда New York Times гезити Шинжаң бийлигинин аймакта мусулман динин туткан аз улуттарга карата жасаган саясаты тууралуу 400 барактан турган ички документтерди жарыялаган. Аларда “саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде” кармалган кишилердин туугандарына кандай жооп берүү керектиги тууралуу аткаминерлер үчүн көрсөтмөлөр камтылган. Документке ылайык, жоопто “алар өкмөт тарабынан түзүлгөн билим берүү борборунда экени жана ал жерден кете алышпай турганы”, ошондой эле “алардын качан чыгары үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүм-турумуна жараша болору” айтылышы керек.

Кытайдын Шинжаң аймагында азчылыкты түзгөн улуттардын миңдеген өкүлдөрү «кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр 2017-жылдан бери айтылып келет.

Өткөн жылы августта БУУ Шиңжаңдагы «саясий кайра тарбиялоо» лагерлеринде миллионго жакын мусулман кармалып турушу мүмкүн экенин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз