Кыргызстан интернетти коңшу Казакстан мамлекетинен сатып алат. Бул тууралуу маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев Жогорку Кеңештеги тармактык комитет жыйынында билдирди.
Айтымында учурда өлкө интернетти толугу менен казактардан сатып алат бирок, келген интернет пакеттерин текшерүүгө алган өкмөттө тиешелүү мекеме жок.
Депутат Кубанычбек Жумалиев сатып алынган интернеттин баа саясаты, пакети монополияга каршы агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынаарын билдирди.
«Сиз интернет боюнча баа саясатын өкмөттө көзөмөлгө алган мекеме жок дедиңиз. Антимонополия агенттиги карайт да, баа саясатына ушул кызмат милдеттүү. Сиздер болсо элди сапаттуу жана арзан интернет менен камсыз кылууга милдеттүүсүздөр»,- деди Жумалиев.
Ошондой эле, депутат Москвада интернеттин тарифтери алда канча арзан экенин айтып казакстандан башка дагы кайсы өлкөдөн интернет сатып алаарыбызга кызыкты. Анткен менен Дастан Догоев бул туурасында маалыматы жок экенин депутатка кагаз жүзүндө жооп берээрин убада кылды.